Жаңылыктар
Сузак районунда жер көчкү коркунучу күч алды
Өзгөчө кырдаал
Сузак районунда жер көчкү коркунучу күч алды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жер көчкү коркунучу күч алды. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Жалгыз-Жаңгак айылында 1990-1994-жылдары жүргөн жер көчкү кайра активдешип, 16 үйгө кооптуу абал жаратууда. 

Айылдын түштүк тарабындагы жарда 3-январда жер көчкү 50 метрдей жылган. 

Бул аймакта жер көчкү 1990-1994-жылдары да жүрүп, 6 үй жабыркап, 16 турак жайды басып калуу коркунучу туулган. 

Аларга коопсуз аймактардан жер тилкелери жана мамлекеттик жеңилдетилген ссудалар бөлүнгөнү менен ал жерде эл дале жашап жатат. 16 үй-бүлөгө эскертүү берилди.