Жаңылыктар
И.Карыпбеков: "Ар бир аткарылган эмгек - жалпы КТРКнын ийгилиги"
Кыргызстан жаңылыктары
И.Карыпбеков: "Ар бир аткарылган эмгек - жалпы КТРКнын ийгилиги"

Бүгүн, 10-февралда  КТРКнын башкы директору  Илим Карыпбеков Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын жалпы эмгек жамаатына кезектеги жыйынын өткөрдү. 

Башкы директор 2015-жыл аралыгындагы  КТРКдагы бир катар аткарылган иш-чараларга токтолуп жана жакшы саамалыктар көп болгонун, ар бир аткарылган маанилүү иш-чаралар жалпы корпорациядагы эмгек жамааттын ийгилиги экендигин белгиледи.  

Мындан тышкары алдыда пландалган иштерге басым жасалып, жыйында төмөндөгү маселелер каралды:

- КТРК алдыдагы пландары жана максаттары; кошумча  2015-жылда аткарууга жетишпей калган иш-пландар.

-  КТРКнын кызматкерлери үчүн курула турган көп кабаттуу үйдүн курулуш пландары; 2015-жылда КТРКнын кызматкерлери үчүн тургузула турган көп кабаттуу үй салына турган жер маселеси чечилген.

- КТРК кызматкерлери үчүн  курула турган унаа токтотуучу жайдын курулуш иштеринин даярдыктары; 

- Жаңы көчмө телестудияны (ПТС) алууга болгон аракеттер; 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо үгүт учурундагы түшкөн акча каражаты Президент, премьер-министрге болгон кайрылуулар канааттандырылып, толугу менен КТРКда калган.




Көрсөтүлгөн маселелерден тышкары,  Илим Карыпбеков жыйында бир катар кызматтык шарттарга байланышкан маселелерге кенен токтолуп, 2014-жылга салыштырмалуу 2015-жылда жарнама жагынан болгон өсүү жогорку деңгээлде болгонун, буга чейин ар тараптуу колдонулуп келген ПТС аз колдонулганына  карабай 3 эсеге көп пайда алып келгенин, 0,5 штатта отурган кызматкерлердин штатын толуктоого болгон аракеттер жана контентке көбүрөк көңүл бурууларын билдирди. 

Ал эми,  2015-жылдагы отчет Байкоочулар Кеңешине тааныштырылгандан кийин,  ktrk.kg  сайтына толугу менен башкы директордун баракчасына жайгаштырылат.