Жаңылыктар
Таластагы өрттүн кесепетинен бир нече соода түйүндөрү күйүп кетти
Өзгөчө кырдаал
Таластагы өрттүн кесепетинен бир нече соода түйүндөрү күйүп кетти

Талас шаарында өрт чыкты. Өрттүн кесепетинен борбордук базарда жайгашкан Манас универмагы толугу менен күйүп кетти. Күбөлөрдүн айтымында өрт болжол менен таңкы саат алтылар чамасында чыккан. 

Универмагда килем, курулуш материалдары жана үй тиричилигине колдонулуучу техникалар сатылчу. 

Өрттөн улам универмагдын жанында жайгашкан дагы беш кичи соода түйүнү да күйгөн. 

Окуя болгон жерде өрт өчүргүчтөр тез жетип барганы менен тез тутанган отту эки саатта гана өчүрүп үлгүрүштү. Учурда кырсыктын эмнеден келип чыкканы такталып жатат. Эсептелип жаткан чыгымдар болжол менен 6 млн сомдон ашуусу мүмкүн дешет ишкерлер.