Аталган жогорку окуу жайдын жаш кызматкерлери ушул маселе алкагында маалымат жыйын өткөрүштү. Анда алар Улуттук университеттеги орун алган түйүндүү маселелер өңүтүндө өз ойлорун ортого салышты.
Кыргыз Улуттук университеттеги тарбия жана жаштар саясаты департаментинин директору Нургазы Майрыков окуу жайда ар бир студенттен мыйзамсыз айына 200 сомдлон жыйналып келгенин ырастады.
Окуу жайдагы жаштардын кийлигишүүсүнөн улам бул маселе токтотулган.
Бирок жыйналган акча кайтарылбай келгенин маалымдады. Жогорудагы козголгон маселелерден улам Кыргыз Улуттук университетинде жаралган жагдай жакынкы мезгил аралыгында чечилүүсү зарыл дешет адистер.
Кадыр Калилов, "Биринчи радио"