Жаңылыктар
«Центерра Голд Инк.» Кумтөр кенин иштетүүгө уруксат алды
Экономика
«Центерра Голд Инк.» Кумтөр кенин иштетүүгө уруксат алды

«Центерра Голд Инк» компаниясы Кумтөр кенин 2017-жылы иштетүүгө бардык уруксат, макулдуктарды алды. Тиешелүү мамлекеттик эки орган кенди иштетүүгө уруксат берген документтерге кол коюшкан. Мындан тышкары Кумтөр борбордук карьер менен Сары-Төр участогунун долбооруна энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинен 2017-жылга экспертизасын алганы айтылууда. 

Учурда Кумтөр иши боюнча кылмыштардын эскирүү мөөнөтүн жокко чыгаруу менен коррупциялык иштерди жоюуга шарт түзүү аракетинде  конституциянын өзгөртүлгөн жаңы редакциясына атайын норма киргизилди. Ага ылайык, кумтөр келишимин даярдоодо жана өлкө кызыкчылыгына каршы келген чечимдерди кабыл алууга катышкан жогорку кызмат адамдарына эскирүү мөөнөтү болбой калды.

Белгилей кетсек, ишкананын тегерегиндеги сот процесстери, жетекчилигине козголгон кылмыш иши, элдик парламенттин жүрүшү жана Леонард Хоменюктун акыркы билдирүүсү - “кылымдын аферасы” аталган долбоордун бардык былыктарын ачууга түрткү болууда. 

Негизи эле өлкө «Кумтөр» кени ачылгандан бери миллиарддаган каражаттан куру калып, мурдагы бийликтегилер түптөп кеткен  коррупциянын өзөгүнөн арыла албай келет. Бул багытта учурда мамлекеттик органдар тарабынан болгон аракеттер көрүлүп, ири экономикалык долбоорду мындан ары ишке ашырууда жең ичинен сүйлөшүүлөр менен коррупцияга, ар кандай алдамчылыктарга жол бербөө багытында аракеттер уланууда. 

Кыргыз өкмөтү менен Кумтөр компаниясынын ортосунда бир катар кайчы пикирлер буга чейин эле башталып,  экологиялык маселелер боюнча соттук иштер былтыр башталган. Бул багытта сотттук иш 20-январда уланганы турат.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"