Жаңылыктар
ЖК депутаттары алгылыктуу кандай иштерди аткарды?
Саясат
ЖК депутаттары алгылыктуу кандай иштерди аткарды?

Жаңы жылдык эс алуудан соң, аткаруу бийлиги, мамлекеттик мекемелер жана жеке менчик ишканалар бири калбай 4-январдан тарта ишке чыгышты. 

Ал эми өкмөттүн токтомунда 4-январь иш күнү деп жазылганы менен коомчулукта Жогорку Кеңеш бул күнү ишке чыккан жок деген сын-пикирлер айтылууда. 

Парламенттин расмий сайтында да, адатта шаршемби күнү болуп келүүчү комитеттердин отуруму тууралуу эч кандай маалымат чыккан эмес. 

Буга чейин 2016-жылдын сентябрь айында эл өкүлдөрүнүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын көрөбүз деген шылтоо менен иштен кетип калгандары коомчулукта талкуу жараткан. 

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"