Жаңылыктар
Дарыканаларда антибиотиктер рецепт менен сатыла баштады
Ден соолук
Дарыканаларда антибиотиктер рецепт менен сатыла баштады

Жаңы жылдан тарта шаардык дарыканаларда антибиотиктер рецеп менен сатыла баштады. 

Деген менен айрым тургундар дарыканалардан рецепби жок эле дары сатып алып жатышканын айтышат.

Бирок пландуу текшерүү учурунда мыйзамсыз дары саткандар аныкталса, аларга карата административдик чара көрүлүп 5миң сомдон, 10миң сомго чейин айып пул салынат.

Эгерде  дарыканалар  3 жолу рецеби жок антибиотик сатып эреже бузган болсо лицензиясынан айрылат дешет адистер.


Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"