Жаңылыктар
Гематология менен онкология борборлору бириктирилет
Ден соолук
Гематология менен онкология борборлору бириктирилет

Гематология борбору менен Улуттук онкология борбору бириктирилет. Муну негиздеген токтомго премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Бул документ эки борбордун башкаруу тутумуна кеткен чыгымды кыскартат. Ал акча кайра эле түздөн-түз оорулууларды дарылоого багытталат. 

Кыргыз илимий гематология борборунун финансылык ишмердүүлүгүн талдоо жүргүзгөндө 2014-жылы 2006-жылга салыштырмалуу персоналды кармоого кеткен чыгым 13 млн 200 миң сомго жогорулаган. 

Мына ушуга окшогон көрүнүштөрдөн улам, эки борбор бириктирилип, Улуттук онкология жана гематология борбору деп аталмай болду.