Жаңылыктар
Экстремизм жана терроризмге үгүттөгөн сайттар жабылды
Кыргызстан жаңылыктары
Экстремизм жана терроризмге үгүттөгөн сайттар жабылды

Кыргызстандын аймагындагы экстремизм жана терроризмге үгүттөгөн 21 сайт сот чечими менен жабылды. 

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, учурда сегиз сайттын ишмердигин токтотуу маселеси сотто каралууда. 

Ал эми жети сайтка укуктук баа берүү маселеси Башкы прокуратурага жөнөтүлдү. 

Ошондой эле экстремизмге үгүттөйт делген “Одноклассники” социалдык тармагындагы 20дан ашуун колдонуучунун баракчасы өчүрүлгөн. 

Мындай аракеттер интернет аркылуу экстремизм менен терроризмдин жайылышына каршы жасалууда.