Жаңылыктар
Рождество майрамы
Кыргызстан жаңылыктары
Рождество майрамы

Бүгүн христиан дининдегилер Иса пайгамбардын туулган күнүнө арналган улуу майрамды белгилеп жатат. 

Бишкекте князь Владимир атындагы чиркөөдө майрамдык ибадат өттү.

 Аны Бишкек жана Кыргызстан Епархиясынын башчысы епископ Даниил алып барды.

Рождество - христиан дининдеги башкы майрамдардын бири.

Орус православ чиркөөсү бул күндү 7-январда белгилейт. 

Ал эми Рим-католик жана протестанттык чиркөөлөрдүн көбү Рождествону жаңы григорян календары боюнча 25-январда өткөрөт.