Жаңылыктар
Атамбаев Гао Хучен менен жолукту
Саясат
Атамбаев Гао Хучен менен жолукту

Президент Алмазбек Атамбаев ушул Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Кытайдын коммерция министри Гао Хучэн менен да жолукту.

Жолугушууда тараптар бир нече тармактар боюнча биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылышы, соода-экономикалык жааттагы кызматташтыктын мындан аркы өнүгүшү тууралуу кеңири маселелерди талкуулашты.

Андан соң Президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын коммерция министри Гао Хучэнге Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты арттырууга жана эки элдин ортосундагы байланышты бекемдөөгө кошкон салымы үчүн “Данакер” орденин тапшырды. 

Гао Хучэн жеке президент Алмазбек Атамбаевдин жана Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин аракетинин натыйжасында кыргыз кытай кызматташтыгы өрчүп жаткандыгын, бул иш аракеттер эки элдин тең кызыкчылыган төп келерин белгиледи.