Жаңылыктар
Жер көчкүгө жакын жердеги тургундар коопсуз жайга көчүрүлдү
Өзгөчө кырдаал
Жер көчкүгө жакын жердеги тургундар коопсуз жайга көчүрүлдү

Жалал-Абад облусунун Жалгыз-Жаңгак айылындагы жер көчкүгө жакын жердеги тургундар көчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

2017-жылдын 3-январында Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагынын Жалгыз-Жангак айылынын түштүк тарабындагы жантаймада 50 метрдей жер көчкү жылып, 16 турак-жайга коркунуч жараткан. Жер көчкүнүн болжолдуу көлөмү 40 млн. м3 түзөт. Көчкү 1 турак-жайга 15 метр жана 15 турак-жайга 350 метр жакын жерге келип калган. 
Жергиликтүү бийлик тарабынан 2 үй-бүлө коопсуз жерге көчүрүлүп, калган 14 үй-бүлөөнүн жашоочулары түнкүсүн туугандарынын үйлөрүндө түнөп жатышат. Көчкү коркунучу бар аймак ӨКМ тарабынан көзөмөлгө алынган.