Жаңылыктар
Өзбекстанда криминалдын өкүлү кызматка келди
Дүйнө
Өзбекстанда криминалдын өкүлү кызматка келди

Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары болуп Салимбай Абдувалиев дайындалды. 

Абдувалиев буга чейин "крим чөйрөнүн ана башы" деген каймана атка ээ болгон. 

Президент Шафкат Мирзиёевдин буйругу менен Улуттук Олимпиада комитетинин төрагасы болуп "Өзбекнефтегаз" ишканасынын башкармалыгын башчысы Алишер Султанов шайланды. 

2008-жылы Өзбекстандын мурунку президенти Ислам Каримов Салимбай Абдувалиевге спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн расмий сыйлык тапшырган.

Эске сала кетсек, 1997-жылдан бери Салимбай Абдувалиев Өзбекстандын күрөш ассоциациясынын президенти болуп иштеп келет.

Ошондой эле Өзбекстандын курама командасына Олмпиада оюндарында колдоо көрсөтөт.