Жаңылыктар
Жаңы төрөлгөн ымыркайларга жыл бою төлөнүүчү жөлөк пул сунушталууда
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы төрөлгөн ымыркайларга жыл бою төлөнүүчү жөлөк пул сунушталууда

Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы төрөлгөн ымыркайдын ата-энесине бир жыл бою жөлөк пул төлөөнү сунуштап жатышат.

Мыйзам долбоордун демилгечиси Дастан Жумабековдун айтымында 2013-жылга карата берилген маалымат боюнча жарыкка келген 1000 ымыркайдын 20сы бир жашка чыкпай чарчап калат.

Мындан тышкары, өп-чап турмуштан улам энелердин наристеден баш тарткан учурлары арбып баратат. 

Депутат ымыркайды өлтүрүү аракеттери катталганын, айрым келиндер энелик капиталга ээ болуу үчүн Россияга барып көз жарып, балдары ошол мамлекеттин жараны болуп калып жатканын билдирди. Эл өкүлү ымыркайдын ата-энесине бир жашка чыкканга чейин жөлөк пул төлөө нормасын киргизүүнү сунуштап жатат.

Ага ылайык, 2018-жылдын 15-январынан тарта 30 миң сом (айына 2500 сом), ал эми эки жылдан кийин бул сумманы 50 миңге (айына 4166 сом) жеткирүү каралууда.