Жаңылыктар
Кадамжайда окуучу кыз жанын кыйды
Кырсык
Кадамжайда окуучу кыз жанын кыйды

Кадамжай районунда окуучу кыз өз жанын кыйды. 

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча Кадамжай районунун Орозбеков айылында 16 жаштагы окуучу кыз 5-январда 30 метр бийиктиктеги аскадан боюн таштаган. 

Соттук-медициналык экспертиза анын денесинен эч кандай кыйноо белгисин тапкан эмес. Мектепте да эч ким менен урушуп-талашкан эмес жана коркутуп-үркүтүү болбогону айтылууда. 

Окуучу кыз чоң атасыныкында жашаган. Ал эми ата-энеси Орусияда иштеп жүргөнү белгилүү болду.