Жаңылыктар
ИИМ: “Жорго” такси кызматынын айдоочулары уурулук менен кармалды
Кылмыш
ИИМ: “Жорго” такси кызматынын айдоочулары уурулук менен кармалды

Бишкекте шаарынын тургунун сабап, 6 миң доллар талап кылган 4 адам кармалды. Алардын экөөсү “Жорго” такси кызматынын айдоочулары. Бул тууралуу “Биринчи радиого” Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

 Милицияга 1989-жылы туулган жаран 2016-жылы 28-декабрь күнү аны белгисиз адамдар Хонда Фит унаасына күч менен отургузушуп, Кой-Таш айылы тарапка алып барып ур-токмокко алып, 6 миң доллар талап кылганын айтып арызданган. Кылмышке шектүү делген 4 жаран кармалды. Аны экөөсү “Жорго” такси кызматынын айдоочулары экендиги аныкталган. Бул аталган такси кызматынын айдоочулары аралашкан алгачкы кылмыш эмес.

 Окуя 2016-жылы Жаңы жылдын алдында болгон. 28-декабрда Бишкектеги 12 кичи районунан 1989-жылы туулган шаар тургунун белгисиз адамдар Хонда Фит унаасына күч менен отургузушуп, Кой-Таш айылы тарапка алып барып ур-токмокко алышкан. Белгисиз адамдар шаар тургунун  жылаңач чечинтип видеого тартып мазактап, 6 миң доллар талап кылышкан. Андан соң жанындагы 10 миң сомун, паспортун жана банк карточкасын алып из жашырган. Жабыркаган жарандын кайрылуусунун негизинде издөө жарыяланып, шаардык милиция кылмышка шектүү делген 4 жаранды кармады деп билдирди Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Мира Абдылдаева.

 Мира Абдылдаева кошумчалагандай кармалгандардын 1992 жылы туулган жана 1983-жылы туулган Чуйской облусунун тургундары “Жорго” такси кызматында айдоочу экендигин аныкталган.

 Бул окуя “Жорго” такси кызматынын айдоочулары аралашкан биринчи кылмыш эмес. Маселен өткөн жылдын 6-декабрында Баш калаадагы Көк-Жар жаңы конушунда такси фирмаларынын биринин айдоочулары менен милиция кызматкерлеринин ортосунда уруш чыгып, ок атылган. Анда Октябрь РИИБинин үч кызматкери рейддин алкагында, айдоочу баңги затын колдонушу мүмкүн деген шек менен такси деген шашкасы бар, бирок мамлекеттик номуру жок Mazda Demio унаасын текшерүүдө алган.
 Ал учурда таксист документин текшертүүдөн баш тартып, унаадагы коркунуч баскычы менен башка айдоочуларды чакырган. Ал жерде 3 милиция кызматкери менен 200дөй айдоочунун ортосунда чыр чыгып, күч органдары таш бараңда калган. 

 Ал эми Кой-Таш айылында жасалган кылмышка шектүү таксинин айдоочулары тууралуу маалымат алуу үчүн, “Жорго” такси кызматынынын, тагыраагы “Алтын Жорго” ачык акционердик коомунуну жетекчилигине байланышууга мүмкүнчүлүк болбоду. Бирок аталган ишкананын директору Алтынбек Каримовдун “Биринчи радиого” берген маалыматында, айдоочулар күнүнө нарколог дарыгерден текшерүүдөн өтпөй тургандыгын ырастаган.

 Деги эле акыркы кезде Кыргызстанда таксисттерге байланышкан ызы-чуу окуялар коомчулукта кооптонууну жаратты. Ал арада эл өкүлү Жылдыз Мусабекова такси кызматында иштеген айдоочулардын көбү соттологон адамдар экенин айтып, аларга көзөмөлдү күчөтүү маселесин көтөрүп чыккан. Такси кызматына айдоочуларды кандай талаптар менен тандап алат?

 Биринчиден көпчүлүк такси фирмалары алгач айдоочунун айдоо тажрыйбасына жана унаасынын абалына карашат. Айдоочу рульга олтурганын үч жылдан кем болбосу зарыл. Андан кийинки шарт айдоочу шаарды беш колундай билүүсү. Көчөлөрдүн аттарын, даректерди адашпай таап баруусу маанилүү. Ал эми автоунаалар 1995-жылдан бери болуп, мамлекеттик патенттин негизинде катталуусу да шарт. Мындан сырткары, айдоочунун курагы 20 жаштан өйдө болуп, иш учурунда ичкилик ичүүгө, баңгизат колдонууга тыюу салынган.

Сүймөнкул Идирисов. "Биринчи радио".