Жаңылыктар
Кыргызстандык окуучулар Эстонияда өткөн сынактан байгелүү келишти
Билим
Кыргызстандык окуучулар Эстонияда өткөн сынактан байгелүү келишти

Нарындык окуучулар эл аралык "Robotex 2016" деп аталган роботторду жасаган мелдеште бешинчи орунду ээледи. 

Эстониянын борбор калаасында өткөн бул мелдешке Кыргызстандын атынан “Нарынград” командасы катышкан. 

М.Субагожоев атындагы кыргыз-түрк лицейинин информатика мугалими Икрам Абдыкалыков билдиргендей, "Robotex 2016" робот техникаларынын мелдеши Европадагы эң эле ири сынак жана жыл сайын өткөрүлөт. 

Быйылкы мелдеште дүйнө жүзү боюнча эки миң 660 катышуучу күч сынашты. Ал эми КМШ өлкөлөрүнүн ичинен бир гана Кыргызстан катышты.