Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолу курулса Кыргызстан транзиттик өлкөгө айланып, миндеген жумушчу орундар пайда болмок. Мындай пикирин билдирген экономистер өлкө бюджетинин тартыштыгын жоюуга дагы мүмкүнчүлүк жараларын айтышууда. Маалыматка ылайык, Орто Азиядагы эң ири долбоор боюнча үч тараптан тең жумушчу топ түзүлүп, техникалык негиздеменин үстүндө иштешүүдө. Кыргыз-Кытай-Өзбекстанды бириктирген темир жол курулуп калса, социалдык-экономикалык жактан өлкө үчүн кандай пайда алып келет?
Темир жол куруу боюнча белгиленген иш-чаралардын бардыгы ойдогудай аткарылса, анда жылына Кыргызстан аркылуу 15-20 млн. тоннага чейин жүк ташыларын адистер эсептешүүдө. Кыргызстандын аймагында курулган 430 чакырымдан ашык темир жол аркылуу өлкө деңизге чыгып, миңдеген жумушчу орундар пайда болуп, казынага дагы кошумча каражат түшүп турарын Зайнидин Жумалиев кошумчалайт. Ири долбоордун ишке ашышы менен өлкө экономикасына өзгөчө пайда түшөт:
Жакында эле Кыргызстанга атайын иш-сапары менен келип кеткен Иран президенти Хасан Роухани дагы темир жолду куруу демилгесин колдоду. Андыктан бул жакка этти түз экспортоп, Европа өлкөлөрүнө экологиялык таза жашылча-жемиштердин түрлөрүн дагы чыгарууга кеңири жол ачылууда. Экономика илимдеринин доктору Бейшембек Ишеновдун пикиринде бул демилгени Иран башчысы бекеринен колдогон жери жок:
Темир жолду куруу маселесин өлкө башчы Алмазбек Атамбаев жакында эле Өзбекстанга жасаган сапарында кесиптеши Шавхат Мирзийоев менен дагы талкуулаган. Анда Өзбекстандын президенти Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча кыргыз тараптын демилгесин колдоорун билдиргенин Президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков тастыктады. Айтымында бул маселенин айланасында үч өлкөнүн ортосунда кандайдыр бир келишпестиктер жок.
Ошентип эгер Орто Азия чөлкөмүндөгү эң ири долбоорлордун бири болгон Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолу курулса социалдык-экономикалык жактан өлкө үчүн өзгөчө пайда алып келет. Кыргызстан деңизге чыгууга мүмкүндүк алып, жакынкы чыгышка эт сүт мөмө-жемиштерин экспорттойт. Планга ылайык, жол Ат-Башы аркылуу Достукка келип, ал жактан Жалал-Абадга андан Өзбекстанга өтөт. Мындай инфраструктураны өнүктүрүүгө Кытайдын тажрыйбасы жетиштүү жана долбоорду тез арада ишке ашырууга бардык жаңы технологиялар менен камсыз болушкан-дешет экономистер. Муну менен темир жол өткөн аймактарда экономикалык абал жакшырып,логистикалык борборлор менен жарандарды тейлөөгө ылайыктуу шарттар түзүлүп, туристтик аймактар дагы көбөймөк.
Мээрим Абдраманова. "Биринчи радио".