Жаңылыктар
Нарында калың карда калып калган малчыларга азык-түлүк жеткирилди
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында калың карда калып калган малчыларга азык-түлүк жеткирилди

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Сай өрөөнүндө калың карда калып калган малчыларга азык-түлүк, тоют жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, 27-30-декабрда жааган кардан улам Ак-Сайга барчу жол жабылып калган. 

Натыйжада Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүндө элдин малын карап кыштаган 54 үй-бүлөнүн азык-түлүк, тоют ташыган байланыш каттамы үзүлгөн. 

7-январда Торугарт-Көк-Кыя айланма жолу кардан тазаланып, муктаждарга жүк ташуучу машинелер менен азык-түлүк, чөп жиберилген. 

Азыр малчылар аларды менчик автоунаалары менен ташууга киришти. Кыштоолорго барчу ички чарбалык жолдор дагы күрткүдөн тазаланууда.