Жаңылыктар
Бишкекте сасык тумоо күч алды
Ден соолук
Бишкекте сасык тумоо күч алды

2 күндүн ичинде, Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканага 383 адам сасык тумоо менен кайрылды. 

Алардын ичинен 199 бейтап ооруканага жаткырылды. 

Реанимация бөлүмүндө оор абалда 20 бейтап жатса, он бири 1 айдан 5 жашка чейинки балдар. 

Инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдиргендей, сасык тумоо менен кайрылгандардын көбү балдар. 

Ооруканага кайрылгандардын көбөйүшүнөн улам бөлүм башчылары дем алыш күндөрү ишке чыкканга туура келди.