Жаңылыктар
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусундагы алешемдиктер
Коррупция
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусундагы алешемдиктер

Коргоо Кеңеши Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусундагы коррупциялык тобокелчиликтердин 24 түрүн аныктаган. Мүлктү менчиктештирүүдө тымызын келишим түзүү, мамлекетке таандык ишкананы атайылап чыгашага кириптер кылуу, мүлктү ижарага берүү акысын төмөндөтүү, өлкөгө киреше алып келе турган аукциондорду кайсы бир тараптардын кызыкчылыгы үчүн атайылап үзгүлтүккө учуратуу, мамлекеттин үлүшү бар ишканаларда жетекчилик курамды бекитүүдөгү кадрдык дайындоолордогу жең ичинен сүйлөшүүлөр. 

Бул сыяктуу алешемдиктер аталган фонддогу калыптанган коррупция экени белгиленген. Мамлекеттин эсепсиз мүлкүн тейлеген мекеменин иши ачык эмес экенин айткан талдоочулар арбын. Ал эми фонддун өкүлдөрү мындай билдирүүлөрдү кулак сыртынан кетирип жаткандай. 

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондун реформалоо, андагы паракорлук көрүнүштөрдү жоюу зарылчылыгы айтылганы айтылган. Коргоо Кеңеши тарабынан аныкталган коррупциялык 24 тобокелчиликтерди жоюда мекеме кандай иш алып барып жатканы февраль айында талдоого алынат.

Калыгул Асамбаев, "Биринчи радио"