Жаңылыктар
“Кыргыз темир жолу” ишканасы жарыялаган тендер талкууну жаратты
Кыргызстан жаңылыктары
“Кыргыз темир жолу” ишканасы жарыялаган тендер талкууну жаратты

“Кыргыз темир жолу” ишканасы 11 автоунааны оңдотуу үчүн 100 миң долларга тендер жарыялаганы коомчулукта чоң талкууну жаратты. 

Айрым активистер жылы эски унааларды оңдоо үчүн акылга сыйбаган чоң сумманы коротуу зарыл беле деп сындап чыгышты. 

Ал эми 6-январда “Биринчи радиого” “Кыргыз темир жолу” ишканасы Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы жарыя туура эмес экендигин билдирип, 7 миллион сом эмес, болгону 700 миң сомго тендер жарыя болгонун айтты. Деги эле тендер чырлары бир катар чиновниктерди кызматтан алып, соттошууга чейин жеткирип келет. 

Эске салсак Жаңы жыл алдында жаңы шайланган жергиликтүү депутаттардын алтындын буусуна кармалган төш белгисине жана күбөлүктөрүн жасатууга тендер жарыя болгону да коомчулуктун назарын бурган окуя болду. Ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар порталында да бир катар мүчүлүштүктөр бар экендиги айтылып келет.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"