Жаңылыктар
Акча талап кылгандар кармалды
Кылмыш
Акча талап кылгандар кармалды

Бишкек шаарынын тургунун сабап, 6 миң доллар талап кылган 4 адам кармалды. 

Алардын экөөсү “Жорго” такси кызматынын айдоочулары. Бул тууралуу “Биринчи радиого” Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгы билдирди. 

Милицияга 1989-жылы туулган жаран 2016-жылы 28-декабрь күнү аны белгисиз адамдар "Хонда Фит" унаасына күч менен отургузушуп, Кой-Таш айылы тарапка алып барып ур-токмокко алып, 6 миң доллар талап кылганын айтып арызданган. 

Кылмышке шектүү делген 4 жаран кармалды. Аны экөөсү “Жорго” такси кызматынын айдоочулары экендиги аныкталган. Бул аталган такси кызматынын айдоочулары аралашкан алгачкы кылмыш эмес. 

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"