Жаңылыктар
КР-Кытай-Өзбекстан темир жолу курулса пайда алып келет
Экономика
КР-Кытай-Өзбекстан темир жолу курулса пайда алып келет

Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолу курулса Кыргызстан транзиттик өлкөгө айланып, миңдеген жумушчу орундар пайда болмок. Мындай пикирин билдирген экономистер өлкө бюджетинин тартыштыгын жоюуга дагы мүмкүнчүлүк жараларын айтышууда. Маалыматка ылайы, Орто Азиядагы эң ири долбоор боюнча үч тараптан тең жумушчу топ түзүлүп, техникалык негиздеменин үстүндө иштешүүдө. 

Эгер Орто Азия чөлкөмүндөгү эң ири долбоорлордун бири болгон  Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолу курулса социалдык-экономикалык жактан өлкө үчүн өзгөчө пайда алып келет. Кыргызстан деңизге чыгууга мүмкүндүк алып, жакынкы чыгышка эт сүт мөмө-жемиштерин экспорттойт. Планга ылайык, жол Ат-Башы аркылуу Достукка келип, ал жактан Жалал-Абадга андан Өзбекстанга өтөт. Мындай инфраструктураны өнүктүрүүгө Кытайдын тажрыйбасы жетиштүү жана долбоорду тез арада ишке ашырууга бардык жаңы технологиялар менен камсыз болушкан-дешет экономистер. Муну менен темир жол өткөн аймактарда экономикалык абал жакшырып,логистикалык борборлор менен жарандарды тейлөөгө ылайыктуу шарттар түзүлүп, туристтик аймактар дагы көбөймөк.

 Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"