Жаңылыктар
Мединфо: үшүкчөл адамдарга кеңеш
Ден соолук
Мединфо: үшүкчөл адамдарга кеңеш

Арабызда катуу сууктан жабыркап, азап тарткандар бар. Аба ырайы сууктай баштаса эле буту-колу муздап, манжаларын да кыймалдата албай калышат.  Адистердин айтуусунда,  үшүкчөл   адамдардын  катарын  аз кандуулук менен жабыркагандар түзөт.  Көпчүлүк   учурда муну менен аялзаты жапа чегет. Такай чыйрыгып, үшүп жүргөн көрүнүш башка жагдайларга  да  тиешелүү, мисалы,   гипотония  же болбосо , артериалдык кан басымынын төмөндөп кеткен учурунда, анткени кан начар абалдагы  кан тамырлар менен жай, кыбырап жүрөт. 

Суук мезгилде таптакыр эле жылыбайбыз деп   жүрөк кан-тамыр оорусу, кант диабети менен жапа чеккендер да даттанышат. Вена кан тамырынын көөп кетиши же болбосо варикоз оорусу барлардын буттары такай эле жылыбайт. Эгерде сиз, дээрлик  көп учурда жылыбай, үшүкчөл   болсоңуз, ошол эле учурда өзүңуздөн,  көңүл  чөгүү, унутчаактык , алсыроо сыяктуу белгилерди байкасаңыз , анда эндокринолог дарыгерге кайрылып, анализ тапшырууга туура келет. Анткени, калкан безинин   иштөө функциясы төмөндөгөндөр да суукка чыдамсыз келишет. Кененирээк аудиодон укса болот.

 Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"