Жаңылыктар
Өз алдынча көмүр казгандардын саны көбөйүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Өз алдынча көмүр казгандардын саны көбөйүүдө

Таш-Көмүр шаарында өз алдынча көмүр казгандардын саны жылдан жылга көбөйүүдө. 

Айрыкча кыш айларында каражат таап калууну эңсегендер өмүрүн кылдын учуна байлап, тобокелдик менен шахталарда иштеп келишет. 

Коопсуздук эрежелери сакталбаган, өзүм билемдик менен казылган шахталарда катталган кырсыктардын саны да арбын. Маселен өткөн айда эле бир адам шахта алдында калып, каза болду.

Адистердин айтымында, мындай башаламан мыйзамсыз карьерлер көбөйгөндүктөн жана эрежелер так сакталбагандыктан шахталар урап, адам өмүрүн алган кырсыктар көбөйдү.

Бирок абалды ким жөнгө салаары белгисиз бойдон калууда.