Жаңылыктар
КТРКнын атын жамынып шылуундук кылган Ош шаарынын тургуну кармалды
Кылмыш
КТРКнын атын жамынып шылуундук кылган Ош шаарынын тургуну кармалды

КТРКнын атын жамынып алып мамлекеттик кызматкерлерден «эфирге чыгарам» деп акча алып жүргөн Ош шаарынын тургуну кармалды. 

Ал Кара-Суу жана Араван районундагы мектеп директорлорунан 1500 сомдон акча жыйнап алган. 

Шектүү азыркы тапта Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жаңы жылга бир ай калганда өзүн КТРКнын «коммерциялык бөлүмүнүн кызматкеримин», деп тааныштырган жаран Ош облусундагы мамлекеттик кызматкерлерден ар кандай суммада акча жыйнап баштаган. Ал, чогулган каражат Оштогу бир ресторанда өтүүчү «Жыл мыктылары» аттуу салтанатка коротулаарын айткан. Шылуундун кылтагына алгачкылардан болуп, Араван райондук билим берүү бөлүмү илинет.
Шылуундун кылтагына илинген мамлекеттик мекемелердин: оорукана, мектеп, жеке клиникалардын катарында, Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмү да бар. Аймактагы 18 мектептин мүдүрү, шылуундун өздүк документин текшербей туруп, акчаларын кармата салган. Демек канчалык жакшы угулбасын мындай жагдайдын алдында сактык үчүн өздүк документин талап кылуу ашыктык кылбайт.