Кандын курамындагы кан уютуучу фактордун жетишсиздигинен пайда боло турган дарт.
Кээде бала төрөлгөндө эле киндигин кескенде кан уюбай, токтобой калышы мүмкүн.
Бул оорунун алгачкы белгисинен кабар берет.
Опера ырчысы болуу - Аскаттын эң башкы кыялы. Ал азыр вокал боюнча сабакка барып, үнүн таптап жатат.
Аскат апасын аяйт. Азыр бүткүл жашоомдун максаты, мааниси жана маңызы - мен үчүн өзүн отко да, чокко да салган апамдын ак сүтүн актап, алаканыма терметип, маңдайында ар дайым кубаныч тартуулап турсам дейт.