Жаңылыктар
Окуучу кыз сүйүүсүн далилдөө үчүн аскадан боюн таштаган
Кыргызстан жаңылыктары
Окуучу кыз сүйүүсүн далилдөө үчүн аскадан боюн таштаган

Баткен облусунун  Кадамжай  районуна караштуу Орозбеков  айыл аймагынан  9-класстагы  окуучу өз өмүрүнө кол салды. Маалыматтарга караганда, өспүрүм кыз жактырып жүргөн  баласына сүйүүсүн далилдөө үчүн аскадан боюн таштаган. 

Ата-энеси жакында  Россияга  кеткен, чоң ата, чоң энесинин колунда калган кыз окууда мыктылыгы менен айырмаланып, мектептин алдыңкысы болучу дешет мугалимдер. Психологдор 13 жаштан 16 жашка чейинки курак өспүрүмдөрдүн өткөөл курагынын жеткен чеги болорун эскертишип, бул жылдар аралыгында ата-эне  баласына өзгөчө кам көрүүсү керектигин  белгилешет. 

Тактап айтканда, бала кызыккан оюндардан тартып, көргөн  киносу, өзүн  алып  жүрүүсүн  тыкыр  көзөмөлгө  алынышы керек.  

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"