Жаңылыктар
Мыкты жана начар делген маданий үйлөрү аныкталды
Маданият
Мыкты жана начар делген маданий үйлөрү аныкталды

Кыргызстанда эң мыкты жана эң начар делген маданий үйлөрү аныкталды. Муну аныктоо үчүн  Маданият, маалымат жана туризм министрлиги маданият үйлөрүнүн,  клубдардын арасында «Эң мыкты маданият үйү» жана «Эң начар маданият үйү» аттуу кароо-сынагын өткөрдү. 

Анын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн жети областынын тең начар делген маданий объектилери такталды. Жарактан чыгып калган маданий үйлөрдү сүздүрүп кайра салып берүү маселелси  каралып жатканын ведомство өкүлдөрү маалымдашат. 

Кароо сынактын жүрүшүндө жети областтан тен  эң начар делген маданий объектилер аныкталды. Алардын ичинен Баткен областынын Лейлек айыл өкмөтүнө караштуу Коргон айылындагы маданият үйү  жарактан чыгып калган деп табылды. Ал совет мезгилинде эле курулган маданият үйү болчу. Ал  2009-жылдан бери иштебей келет.

Бегайым Абыдкадырова, "Биринчи радио"