Жаңылыктар
Соода түйүндөрүнө көзөмөл кассалык аппараттар орнотулат
Кыргызстан жаңылыктары
Соода түйүндөрүнө көзөмөл кассалык аппараттар орнотулат

Быйыл жыл аягына чейин ири жана чакан соода түйүндөрүнө көзөмөл кассалык аппараттар орнотулат. 

Маалыматка ылайык Салык кызматы бул багытта ишти жандантып, учурда Ош жана  Бишкек шаарларында жараян уланууда.  

Ал арада бул демилгени колдоого алган экономистер, жаңы ыкма көмүскөдө жүргөн ишкерлерди ачыкка чыгарып, мамлекетке келип түшкөн каражаттын көлөмү көбөйөрүн белгилешүүдө. 

Негизи көзөмөл кассалык аппарат орнотуу тууралуу демилге мындан он беш жыл мурда эле көтөрүлүп, кандайдыр бир себептерден улам ишке ашпай келген. Учурда долбоорду биргелешип ишке ашыруу боюнча мамлекеттик салык кызматкерлери менен ишкерлердин ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүүдө.Эске салсак, коомчулукта салык төлөөдө коррупциялык иштер арбындыгы айтылып келгендиктен аны  азайтуу максаты менен былтыр салыктарды терминал аркылуу төлөөгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Ал эми быйыл болсо, салыкчылар эл аралык тажрыйбаны эске алып, көзөмөл кассалык аппараттарды орнотуу га кызуу киришүүдө. Азыр  Ош жана Бишкек шаарларында иш жүрүүдө. 

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"