Жаңылыктар
Кыргызстандан он окуучу Японияга барып окуп келет
Билим
Кыргызстандан он окуучу Японияга барып окуп келет

Кыргызстандан он окуучу Японияга барып окуп келет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Министрлик жарыялаган сынакка жүздөн ашык окуучу катышып, арасынан 10 өспүрүм өтүп кеткен. 

Дүйнө жүзүнөн чогулган 15 жаштан 18 жашка чейинки өспүрүмдөр Сакура Сайнс Плен программасынын алкагында илим жана технология боюнча окуудан өтөт. 

Япония министрлиги аталган чакырууну Кыргызстанга алгачкы жолу жиберүүдө. 

Буга байланыштуу бир жумага созулган окутуу процессин толугу менен Япония тарап өз мойнуна алат.