Азимжан Аскаровго сот өкүмү 17-январда чыгарылат. Соттук коллегия бүгүнкү отурумда тараптардын пикирин укту. Мамлекеттик айыптоодон кийин жактоочулар сөз сүйлөп, аны менен бирге Азимжан Аскаровго да сөз берилди.
Андан соң процессуалдык мыйзамдарга ылайык сот акыркы чечимди чыгарышы керек. Чечим кабыл алуу үчүн сот курамы бир жума убакытка кеңешмеге кетти.
Эске салсак, Азимжан Аскаров 2010-жылы июнь окуяларында милиция кызматкерлерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө айыпталып өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган.
Бирок өткөн жылы апрель айында БУУнун адам укуктары комитети Аскаровдун өкүмүн жокко чыгаруунун талап кылган. Буга байланыштуу кылмыш ишин - жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Чүй облустук соту карай баштаган.
Бул процессти мурдагы баш мыйзамдагы 41-берене аркылуу ишке ашыруу мүмкүн болгон. Бирок декабрь айында өткөн референдум эл аралык уюмдардын өлкөнүн ички ишине кийлигишүүсүн толугу менен жокко чыгарды.