Кыш чилдесинде сууктун күчү түнкүсүн 30-35 градуска чейин жеткен Нарын облусунда бир тоголок көмүр калбады. Кырдаалдын мындай жагымсыздыгына «Кара кече» көмүр бассейниндеги ишканалардын өз иштерин убактылуу токтотушу себеп. «Жылаан чакпай, жылкы теппей» жаралган мындай терс көрүнүштүн кесепеттери.
Чындыгында буга чейин отун жетиштүүдөй эле көрүнгөн. Бирок, «Кара кечедеги» ишканалар ойдо жок жерден өндүрүштөрүн токтотушуп, ансыз да кыйын кырдаалга кабылышкан элдин эсин ого бетер оодарды. Ал эми кычыраган кыш чилдесинде тезек менен кыкка күнү түшкөн теңир тоолуктардын азыркы оор абалына борбордогу жетекчилердин бири да баш ооруткулары келбейт.
Ал эми нарындык атка минерлердин маалыматтарына ишенсек, облус боюнча 60ка жакын көмүр базалары бар. Анткен менен, бүгүнкү күндө алардын баарысы жылаан сыйпагандай, бош экендиги ачуу чындык.
Негизи көмүр базасы статусун алган обьектилерде отун дайыма болуп турушу керек. Тилекке каршы, кышы катаал теңир тоо жергесинде дал ушул башкы талап сакталбагандыктан, бүгүнкүдөй кыйын кезең жаралууда.
Жаман айтпай, жакшы жок. Эгер акыбал оң жагына ообосо, кезек электр кубаттуулугуна жетип, көмөкчү чордондор биринин артынан бири иштен чыкканы турат. Албетте, анын бетин ары кылсын.