Жаңылыктар
Бишкекке жакшы чарба ишин билген мэр керек
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекке жакшы чарба ишин билген мэр керек

Бишкек шаарынын мэри эртең 11-январда шайланат. Бишкек шаарынын тургундары шаар башчылыгына чарбакер, калаанын көйгөйүн чече билген талапкер гана татыктуу боло алат дешет. “Борбордун макамы” тууралуу мыйзамга ылайык Бишкек шаардык кеңешинин жаңы курамы шаар башчысын шайлашы керек. Калаа башчысына эки талапкер ат салышууда. Анын бири азыркы мэр же шаар башчысынын милдетин аткарып жаткан Албек Ибраимов жана экинчи талапкер “Өнүгүү-Прогресс” партиясы көрсөтүп жаткан Нурдин Абдылдаев. 

 

Калаадагы уңкур-чуңкур болгон жолдорду оңдоо, ойду-келди унаа токтоткондорду тартипке салуу, башкысы жол тыгындарын жоюу жана орчундуу болгон таштанды маселесин чечүү дал ушул көйгөйлөрдү шаар тургундары жаңы шайланган мэр чечсе деп самап турат. Бирок бул Бишкектиктер көксөгөн ойлордун чети гана. Бара-бара Бишкекке кайрадан жашыл шаар атагы кайтарылса жакшы болоор эле дегендер да жок эмес.
 Эгемендик алгандан бери карай санай турган болсок жаңы шайлана турган мэр эсеп боюнча он бешинчи болуп Бишкекти башкарат. 25 жылдын ичинде калааны жетектеген мэрлердин ишине сары эсеп салган талдоочулар арасында шаарды күзгүдөй кылбаса да оңдогондору көп, чекилик кетиргендери да болду дейт. Мындан улам серепчилердин баамында шаардын негизги кызматына саясаттан алыс чарбакер мэр шайланышы керек.
Шаршемби 11-январда Бишкек шаарынын мэрин шайлоо өткөнү турат. Бишкек шаардык кеңешинин жаңы курамы эки талапкердин татыктуусун шаар башчысы кылып тандашы керек.