Жаңылыктар
Тойдогу ыксыз көрүнүштөр
Маданият
Тойдогу ыксыз көрүнүштөр

Учурда той ээлери, дасторкондон да мааракенин кызыктуулугуна маани берип атаандашып жатат. Бирок бул өз кезегинде чектен чыккан тамалашалар жана ыксыз көрүнүштөр менен коштолууда. Тентек тамадаларды кой деп тыйып койгондун ордуна, улуу кичүү дебей адаттан тыш уяттуу көрүнүштөрдү каткырып карап отурган учурлар кездешет. 

Азыр тойду бийсиз элестетүү мүмкүн эмес. Кары жашы дебей дене бойду солкулдатып чер жазышат. Бирок кээде ал чектен ашып, улгайып калган эжелердин адаттан тыш кыймылдарын кезиктирүүгө болот.
Тилекке каршы ушул сыяктуу көрүнүштөргө жети жаштагы тестиер балдардан тартып, жетимиш сексен жаштагы карылар карап турушат. Үйлөнүү тойдо келин кайындары менен бийлесе, күйө бала кайындарынын көзүнчө сүйүүсүн арнаган учурлар бар.
 Тойдун алып баруулары болсо элдин баарына жагыш кыйын экенин айтышат. Олуттуу алып барайын десе той көркүнө чыкпай калып, той ээси капа болот. Шаңга бөлөп тамашалаш үчүн кызыктуу оюндарды уюштуруш керек. Бирок чегинен чыкпоо тамадалардын да оюнда бар.
Тойго элдер эс алып чер жазганы келет. Андыктан анын шаңы чыгып турганы жакшы. Болгону чектен ашкан ыксыз көрүнүштөргө гана жол бербеш керек. Анткени кыргызда той болоор тойдун эртеси да болоор деген таамай сөз бар.