Жаңылыктар
Дүйнө опера ырчылары Кыргызстанда
Маданият
Дүйнө опера ырчылары Кыргызстанда

Биринчи жолу Бишкекте дүйнөлүк операнын солисттери концерт коюшат. Программа 11-12-февраль күндөрү Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында болот. Француз, испан, немец жана англис тилдеринде чыгармалар коюлат. Дирижер Майкл Кук, тенор Герри Девислим сыяктуу бир топ белгилүү опера ырчылары келди. 

Алар дүйнөнүн эң эле белгилүү - Ла Скала, Ковен Гарден, Карнеги Холл, Вена операсынын сахналарында ырдашкан. 

Музыканттардын арасында биздин мекендешибиз Жамиля Райымбекова да бар. Ал Кыргызстандан кетип, азыркы учурда Германиядагы Волктеатр Росток тобунун алдыңкы солисттеринин бири.