Жаңылыктар
Садык Алахан мамлекеттик тил боюнча проректордун кызматына дайындалды
Билим
Садык Алахан мамлекеттик тил боюнча проректордун кызматына дайындалды

2017-жылдын 10-январында ректоратта өткөн факультет декандарын шайлоо боюнча жыйында КУУнун ректору профессор Чынара Адамкулова жамаатка мамлекеттик тил боюнча проректордун кызматына жаңыдан дайындалган филология илимдеринин доктору, кыргыз филологиясы факультетинин профессору Садык Алаханды тааныштырды.

Андан соң, Чынара Адамкулова мамлекеттик тил боюнча проректорго жаңы кабинетин көрсөтүп, кызмат ордуна отургузду жана иштерине ийгиликтерди каалады. 

Эскерте кетсек, мамлекеттик тил боюнча мурдагы проректор Назаркул Ишекеев президентАлмазбек Атамбаевдин 5-январда кол койгон Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалган.