Жаңылыктар
Батирлерди суткага ижарага берүүгө тыю салынды
Кыргызстан жаңылыктары
Батирлерди суткага ижарага берүүгө тыю салынды

Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлердин ээлери ыймандан мурун акчага жулунуп үйүн сойкуларга, ичимдик ичкен жаштарга берип келет. 

Мындай көрүнүш өз кезегинде үй-бүлөлөрдүн ажырашуусуна, кылмыштуулукка, бузукулукка шарт түзүп келсе эми жаңы мыйзам башаламандыкка тыбуу салат. Батирлерин суткага ижарага бергендерди жоопкерчиликке тарткан административдик жоопкерчилик жөнүндө Кодекске өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев былтыр 30-декабрда кол койгон. 

Бирок айрым ишкерлер туристик жайларда эс алуучуларды 2-3 күнгө кабыл алууга бөгөт коюулду деген таризде нааразычылык акциясына чыгууда. 

Ал эми мыйзамдын максаты — турак жайларды негизсиз колдонгондордун жоопкерчилигин күчөтүү. Аталган мыйзамдын 487-беренесине толуктоо киргизилип, көп кабаттуу батирлерди жана турак жайларды саатына жана суткасына ижарага берген жарандарга 7 миң сом, жоопкерчиликтүү кызматтагыларга 9 миң сом, юридикалык тараптарга 70 миң сом айып пул салуу каралган. Мыйзам 9-январдан тарта күчүнө кирет. Айрым жарандык активисттер бул документтин быйыл киргизилгени маданият, ыйман, адеп-ахлак жылына карата да жакшы жөрөлгө болгонун белгилешүүдө.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"