Жаңылыктар
Өлкө мыйзамдарын жаңы Конституцияга дал келтирүү иштери башталды
Саясат
Өлкө мыйзамдарын жаңы Конституцияга дал келтирүү иштери башталды

Премьер-министр  Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик органдарга өлкө мыйзамдарын бир ай аралыгында жаңы Конституцияга дал келтирүү тапшырмасын берди. 

Өкмөт башчынын баамында баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү  киргизүү менен өлкөнүн көз карандысыздыгын бекемдөөгө жана парламенттик башкарууга толук өтүүгө шарт түзүлөт. 

Тапшырмага ылайык бардык мамлекеттик органдар тийиштүү мыйзам долбоорлорун иштеп чыгып, Жогорку Кеңешке сунушташат. Маалыматка ылайык, тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан Айлана чөйрө багытындагы мыйзам дагы каралат. 

Эске салсак, Конституциянын өзгөртүлгөн жаңы редакциясына Кумтөр иши боюнча кылмыштардын эскирүү мөөнөтүн жокко чыгаруу менен коррупциялык иштерди жоюуга шарт түзүү аракетинде дагы атайын норма киргизилген. Ага ылайык, кумтөр келишимин даярдоодо жана өлкө кызыкчылыгына каршы келген чечимдерди кабыл алууга катышкан жогорку кызмат адамдарына эскирүү мөөнөтү болбой калды. Бул аракеттин аркасы менен  Кыргызстанда - “кылымдын аферасы” аталган долбоордун бардык былыктарына чекит коюлушу мүмкүндүгүн эксперт айтат.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"