Жаңылыктар
2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият жылы
Маданият
2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият жылы

Мамлекеттик деңгээлде көтөрүлгөн олуттуу чакырыкка-иш аракетибиз, аң-сезимге таасир этүү кадамдарыбыз менен жооп берүүгө тийишпиз. Философиялык жактан алып караганда ыйман элибиздин түпкү тамыры болсо, жашыл бариктери жаштар, жаңылануу. 

Ошондуктан келечек муундарга адепти туу туткан каада салттарыбызды үйрөтүп- заман талабына жараша билим берүү зарыл. Мындай үн кошуулар белгилүүинсандар, аймактын жашоочулары тарабынан айтылууда. 

Жарлыкта мамлекеттин өзгөчө күч-аракети балдар менен жаштарга багытталууга тийиш экендиги көрсөтүлгөн.

Калкыбыздын жарымынан көбүн 25 жашка чейинкилер түзөрү келтирилип, Кыргызстандын ийгиликтүү өнүгүшү үчүн жарандарыбызды, жаштарыбызды адептүү жана ыймандуу, терең билимдүү, башка ой-пикирлер менен көз караштарга сабырдуу болуп тарбиялоого  жана өзэлинин тарыхы менен маданиятын билүүгө тийиш экендиги белгиленген. 

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"