Жаңылыктар
Албек Ибраимов Бишкектин мэри болуп шайланды
Саясат
Албек Ибраимов Бишкектин мэри болуп шайланды

Ошентип, күткөн учур да келип, шаардык кеңештин депутаттары добуш берүүгө чогулду. Бирок өнөктүк дароо башталган жок. Эл өкүлдөрү эки талапкер программасы менен тааныштырсынбы же тим коёлубу деген маселени бир топко ары тартып, бери тартышты.

Аймактык шайлоо комиссиясындагылар болсо - добуш берүү - үгүт өнөктүгү эмес экенин эске салып, талапкерлердин программасын угууну четке какты.

Ошентип, добуш берүү башталды. Бирок добуш берүүгө келгенде мэриянын залы өтө эле тардык кылды. Ага чейин эле депутаттарга да, журналисттерге да ыңгайсыздык жаралып жатса, добуш берүүгө келгенде бут коёрго орун жок болуп калды. Ага карабай эл өкүлдөрү кезек-кезеги менен барып, добуш берди. Андан кийин урнадагы бюллетендерди аймактык шайлоо комиссиясындагылар дароо саноого киришти.

Талап боюнча, мэр болуу үчүн талапкер кеминде 23 добуш алууга тийиш болчу. Ошентип, 29 добуш алган Албек Ибраимов кайрадан мэр болду.

Албек Ибраимов шаарды өнүктүрүү боюнча программасын шаардык кеңештин депутаттарына 90 күндүн ичинде сунуш кылмай болду. Муну ал журналисттер үчүн уюштурулган брифингде билдирди. Ал буга чейин мэр болуп турган кезде баштаган иштерин аягына чыгаарын жана алдыдагы төрт жылда аткарыла турган иштеринин бирдиктүү программасы бар экенин билдирди.

Брифинг өткөрүп жаткан Албак Ибраимовго тийиштүү добуш ала албай калган Нурдин Абдылдаев басып келип, колун кыса куттуктап кетти.  Бирок Абдылдаев шайлоого нааразы болуп калганын жашырган жок. Эскерте кетсек, аймактык шайлоо комиссиясындагылар эл көзүнчө эки бюллетенди жокко чыгарган. Бул эки депутаттын шайлоого келбей калышына байланыштуу.