Жаңылыктар
Үй шартында сүннөткө отургузган бала каза болуп калды
Ден соолук
Үй шартында сүннөткө отургузган бала каза болуп калды

Үй шартында сүннөткө отургузган 3 жашар бала каза болуп калды. Окуя Красноярск шаарында болгон. 

Учурда наристенин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду.  Адистердин айтымында медицина өнүгүп турган чакта сүннөткө олтургузуу чарасы хирургдардын колу менен жасалышы шарт. Анткени, билбеген адис наристенин талдуу жерине микроб киргизип же туура эмес кесип тамырларына доо кетирүүсү ыктымал. Ушундан улам кан токтобой каза болуп калышы мүмкүн. 

Ал эми Россиянын Красноярск шаарына көчүп барган кыргыз жарандары 3 жашар баласын үй шартында  туура эмес сүннөткө олтургузгандын кесепетинен баласынан ажырап калышты. Аталган факт боюнча Россиянын кылмыш жаза кодекси боюнча кылмыш иши козголуп соттук –медициналык экспертиза дайындалды. 

Туура эмес шартта сүннөт жөрөлгөсүн жүргүзгөн 28 жаштагы хирург сурак берүүдө. Андыктан жергиликтүү  даргерлер баланы сүннөткө олтургузууда медиктерге ишеним артуу зарыл дешүүдө. Баланы сүннөткө олтургузуу акысы 420 сом турат жана баардык шаардагы ооруканалардан  жасатса болот.

Бегайым Абдыкадырова, “Биринчи радио”