Жаңылыктар
Өткөөлдөр натыйжалуу иштесе
Кыргызстан жаңылыктары
Өткөөлдөр натыйжалуу иштесе

Борбор калаанын тургундары шаар бийлиги жер алдынан өтө турган өтмөктөрдү ирээтке келтирет деп үмүт кылууда. Бишкекте жер алдынан өтө турган 21 өткөөл бар. “Тазалык” ишканасы анын 13үн гана карап, тазалайт. Калгандарынын айрымдары гана жеке жактарга ижарага берилсе, көпчүлүгү кароосуз калган. 

Тазалык ишканасы мында талаптагыдай шарт түзүлбөгөн себебин өтмөктү ижарачылар караганы менен түшүндүрдү. Мекеменин маалыматында, борбор калаада жалпысынан 21 өтмөк бар, Тазалыкчылар анын 13үнүн гана тазалыгына жооптуу.

Активисттердин айтуусунда, шаарда каражаттын жетишсиздигинен иштетилбей көңүл сыртында калган 6 өткөөл бар.

Москва көчөсүнүн алдындагы бул өткөөлдүн чынында мааниси чоң. Анткени жолдун эки бетинде негизги медициналык мекемелер орун алган. Жаны кыйналып келген бейтаптар ары-бери өткөндө өздөрү да жүдөп, айдоочуга да тоскоолдук жаратат. Кырсыкка учураган учурлар да аз эмес.

Негизинен шаардыктар тынбай өткөн, таза жана коопсуз эки гана өтмөк бар. Алар Чүй көчөсүнүн алдындагы ЦУМдун жана филармониянын жанында жайгашкандар.