Жаңылыктар
Добуш сатып алууга аралашпа
Коррупция
Добуш сатып алууга аралашпа

Эгерде шайлоо иштерине жарандар кийлигишсе, 2 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми шайлоочуну сатып алса 5 жылга чейин. 

Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик курулуш, соттук-укуктук суроолор жана регламент комитети мына ушундай мыйзам долбоорун кабыл алды. 

Эскерте кетсек учурда шайлоо иштерине кийлигишкени үчүн жарандар 10 миң сомдон 15 миң сомго чейин айып пул төлөйт же 2 жылга чейин түзөтүү иштерине кесилет. Эгерде мыйзамга өзгөртүү киргизилсе, айып пул 20 миңден 30 миң сомго чейин же 2 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Мындан тышкары эгерде кызмат абалынан пайдаланып, БШК чечимине кийлигишсе, 30 миңден 50 миң сомго чейин айып пул же 2 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми добуш сатып алгандыгы үчүн 100 миң сомдон 300 миң сомго чейин айып пул салынып же, 1 жылдан 3 жылга чейин эркинен ажыратылат. 

Президентке, ЖК депутаттыгына же жергиликтүү кеңештерге талапкерлер же жакын туугандары, өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары ушундай кадамга барса, 300 миң сомдон 500 миң сомго чейин айып салынат. Болбосо 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Эгерде БШК мүчөлөрү ушундай мыйзам бузууга барса, 3000 сомдон 5000 сомго чейин айып пул төлөйт. Мыйзам долбоору парламентте талкууланат.