Жаңылыктар
Улуттук университеттеги реформалар аягына чыгарылат
Билим
Улуттук университеттеги реформалар аягына чыгарылат

Кыргыз улуттук университетинде жаңы жетекчиликтин келиши менен башталган бардык реформалар толук түрдө жана айрым каршылык көрсөтүүлөргө карабай ишке ашырылат.

 

Бул тууралуу Улуттук университеттин ректору Чынара Адамкулова окуу жайдагы акыркы кырдаал тууралуу маалымат берип жатып билдирди. Анын айтымында, баштаган реформалардын алкагында 7 институт жабылып, алардын каржы булактары бириктирилген. 

Мындан улам окуу жайдын бюджети 2014-жылдан бери 226 млн сомдон 535 млн сомго чейин жогорулаган. Бул бардык факултеттердин мугалимдерин бирдей айлык маяна менен камсыздоого шарт түзгөн. Мындан сырткары былтыр мугалимдер үчүн сынак өткөрүлүп, андан 800 окутуучу тандалып алынган. Ал эми 200дөй мугалим тиешелүү көрсөткүчтөргө ээ боло албай сынактан өтпөй калышкан. 

Мына ушул мугалимдер нааразычылык билдирип, окуу жай тууралуу чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратканы белгиленди. Ректор ага катар жакында эле университеттин жаштар курамына кирген бир нече кызматкерлердин жатакананын акысы боюнча тараткан билдирүүлөрүнө жооп кайтарды.