Жаңылыктар
Пан Ги Мундун тууганы менен уулу АКШ бийлиги тарабынан айыпталууда
Дүйнө
Пан Ги Мундун тууганы менен уулу АКШ бийлиги тарабынан айыпталууда

БУУнун мурдагы башкы катчысы Пан Ги Мундун бир тууган иниси менен анын уулу АКШ бийлиги тарабынан айыпталууда. Экс-башкы катчынын туугандарына паракорлук, акчанын изин жашыруу жана кылмыштуу көмүскө бүтүм түзгөн деген айыптар тагылды. 

Америка бийлиги БУУнун мурдагы башкы катчысы Пан Ги Мундун бир тууган иниси менен анын уулуна мамлекеттик чиновникти сатып алуу максатындагы кылмыштуу көмүскө бүтүм айыптарын көрсөттү, деп маалымдайт Би-би-си. Экс-башкы катчынын туугандары мамлекеттин эсебиндеги акчаны колдонуп, Вьетнамда жайгашкан өздөрүнүн имараттар комплексин ыңгайлуу баага сатыш үчүн кызмат адамына пара сунуштаган.

 

Тактап айтканда имаратты кымбат баага сатып жиберишмек дагы, андан түшкөн пайданын бир бөлүгү пара алган адамга тиймек. Ассошиэйтед пресс агенттигинин маалыматына ылайык, Пан Ги Сандын баласы камакка алынып, кийин 250 миң доллар күрөөгө чыгарылган.

Пан Ги Мун 2007-жылдан 2016-жылга чейин БУУнун башкы катчысы болуп иштеген. Анын ордуна 2017-жылдын 1-январынан баштап, Португалиянын мурдагы премьер-министри Антониу Гуттерриш дайындалган.

Прокурорлордун айтымында, 2013-жылдын башында башкы катчынын иниси Пан Ги Сан менеджер болгон “Keangnam” деп аталган Түштүк Кореянын курулуш компаниясы карыздарын жабуу үчүн Вьетнамдагы “Landmark 72” курулуш комплексин ыңгайлуу баага сатып жибермек болушкан.

39 беттен турган айыптоочу бүтүмдө Пан Ги Сан жана анын Нью-Йорктун Манхэттен районунда кыймылсыз мүлк боюнча агент болуп иштеген уулу 800 миллион доллар суммага сатуу келишиминен өздөрүнө көп миллиондук комиссия алууну көздөгөн. Алар пара катары миллиондогон доллар төлөп беришмек. Муну ишке ашыруу үчүн үй-бүлөсүнүн таасирин пайдаланууга аракеттенген деп шектелүүдө.

Пан Ги Мундун туугандарына паракорлукка жол берүү, акчанын изин жашыруу жана кылмыштуу көмүскө бүтүм түзүү айыптары көрсөтүлдү.