Жаңылыктар
Борбор калаанын көчөлөрүн жарыктандыруу иштери башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаанын көчөлөрүн жарыктандыруу иштери башталды

“Бишкекжарык” муниципалдык ишканасы Бишкектин көчөлөрүнө заманбап чырактарды орнотуп жатат. Ишкана азыр 9 миңден ашык чырак орнотту. Борбордук көчөлөргө жарык берүү иштери аягына чыгып калды. Бишкектин тургундары да, меймандары да борбор калаа ушундай болушу керек деген пикирлерин айтышууда. 

Заманбап чырактардын орнотулушу менен Бишкектин көчөлөрү жарк этти. Светодиоддуу чырактар эски лампаларга караганда алда канча жарыгыраак. Азыр 9 миңден ашуун чырактар орнотулду.

Заманбап чырактар электр энергиясын азыраак колдонуп, көпкө чейин чыдап кызмат кылат. Эми түнкү Бишкектин ажары ого бетер ачылды.