Жаңылыктар
Батыштын терс сапаттарын туураган кыздардын жоосунсуз жоруктары
Кыргызстан жаңылыктары
Батыштын  терс сапаттарын туураган кыздардын жоосунсуз жоруктары

Батыштын таасири менен жашообузга кирген терс көрүнүштөр кадимки көрүнүшкө айланып бараткандай. Мисалы, түнкү клубдарда көрүүчүлөрдүн көз алдында денесин көрсөтө бийлеген кыздарды айтсак болот. 

Мындай көрүнүштөр видеого тартылып, интернет айдыңына таралып кетип, азыр эл оозунда узун кеп-сөз болуп жатат.
Адатта, кыргызда “Кыз бала эл барда чачын тарабайт”, же “Кыз бала эркек кишиге тике карабайт” деп айтылат. Бирок азыр антип уялмак турсун үстүнкү кийимин чечип ыргыткан деле эрөөн-терөөнү жок болуп калды. Дүпүлдөгөн музыканын коштоосунда, шарапка тойгон кыздардын минтип бийлегенин башка бирөөлөр видеого тартып алып, интернетке жайылтып жиберген.



Мындай көңүл ачуучу жайларда шоу-программалар атайын даярдалат. Келген элдин тамашасы да күч болот. Эмоциясы ташкындаган кыздар тамаша катары баалуу телефон же бир бөтөлкө шарап үчүн деле бийлешет.

Бул демократиянын таасири жана ал коомго сиңип калды дешет серепчилер. Эч кандай тыюу салынбагандан кийин, токтотуу да кыйын экендигин белгилешет.
ап берилиши керек. Бирөөнү сындап отурганча, балдарыбызды тарбиялайлы. Биринчи өзүбүздөн баштайлы. Кыздарыбызды жакшылап карап, уят деп тыюу салалы. Жоопкерчилик ата-энеде болуп атпайбы.

Кыргызда кыздын тарбиясына чоң жоопкерчилик менен мамиле кылышкан. Анын башкага бүлө болуп кетиши дайыма көңүлдө болгон. Кызды жаштайынан үй тиричилигине үйрөтүп, адептүүлүккө, тыкандыкка жана тазалыкка тарбиялаган.