Жаңылыктар
Окуу жайлардагы келишим акы сом менен гана алууга милдеттендирилет
Кыргызстан жаңылыктары
Окуу жайлардагы келишим акы сом менен гана алууга милдеттендирилет

Кыргызстандагы жогорку жана орто окуу жайлар менен жеке мектептер келишим акысын ата-энелерден сом менен гана алууга милдеттендирилет. 

“Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр Жогорку Кеңеште үчүнчү окууда жактырылып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. 

Эгер ал кабыл алынса, билим мекемелерине доллар менен акча төлөмөй жоюлат. 

Бул мыйзам долбоору өлкө экономикасын доллардан ажыратуу, билим берүү уюмдарынын бир гана улуттук валюта менен эсептешүүгө өткөрүү, жарандардын каржылык абалын жеңилдетүү максатын көздөөдө.